Бишкекте курьер патрулдук милиция кызматкерлери менен уруша кетип, ызы-чуу салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын баракчасында жарыяланды.
Маалыматка караганда, 27-февралда Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Гагарин көчөсү менен бара жатып, патрулдук милиция кызматкерлери менен мопед айдоочуну көрүп, токтогон. Талаштын себеби мопеддин документтеринин дал келбестигинде болгон. Буга байланыштуу автотранспортту андан ары экспертизалоо үчүн айып жайга коюу чечими кабыл алынган. Буга көнбөгөн айдоочу кызматкерге ар кандай сөздөрдү айтып, тилдеген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram