Бишкекте жол тескөөчүнү капотуна жаткырган бойдон бир топ жерге чейин алып барып, ал кулаган соң, из жашырган айдоочу изделүүдө.
Окуя кечээ, 22-январда саат 16:30 чамасында Айтматов менен Москва көчөлөрүнун кесилишинде болгон. Видеодон милиция кызматкеринин сүрүлүп барып, кулаганын көрүүгө болот. Ленин РИИБ бейбаштык беренеси менен иш козгоду. Унаанын мамлекеттик номуру болгон эмес. Учурда баш калаада айдоочуну табуу үчүн “Перехват” планы жарыяланды. Ал эми жол тескөөчү ооруканага жеткирилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram