Бишкекте “жолуңду ачып берем деп” 43 миң долларга алдаган көзү ачык кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
“Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын май айынан октябрь айынын аягына чейин шектүү «бизнесте жол ачып берем» деген шылтоо менен жана ар кандай ырым-жырымдарды жүргүзүү аркылуу ишенимге кирип, 43 000 (кырк үч миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алып, андан соң белгисиз багытта жашырынып кеткен.
Аныкталгандай, кармалган жаран аталган «ырым-жырымдардын» жүрүшүндө акчаны көрүстөндөргө калтырууну суранган жана жип, ийне сыяктуу ар кандай буюмдарды колдонгон”, — деп жазылат маалыматта.
Бул факт боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2000-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалган.
Шектүү Бишкек ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу жарандар! Эгерде сиз жабырлануучу же күбө болсоңуз, төмөнкү номурлар аркылуу кабар бериңиздер: +996 703 656 464 же 102.










