Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кеткен. Милиция анын атын тактоого жардам сурайт

Бишкектеги жол кырсыктын кесепетинен жаш жигит каза болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-октябрда түнкү саат бирлер чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде BMW 530 үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Унааны 1998-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан. Кесепетинен жөө жүргүнчү көз жумган. Жашы болжол менен 25-30 жашта. 

Милиция маркумду тааныган же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды төмөнкү телефондорго кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (312) 53-22-33, 0 (312) 53-01-81, 0 (553) 11 -21- 13, 0 (502) 22-24-12 же 102 кызматы.