Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды (сүрөт)

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 18:00 чамасында белгисиз айдоочу белгисиз автоунаа менен 7-апрель көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, Исакеев көчөсүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада 1988-жылы туулган жаран ооруканага кайрылган. Аталган факты боюнча 29-июнда Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын 21 жаштагы айдоочусу кармалып, шаардык милициянын Тергөө кызматына жеткирилди. Ал эми автоунаасы айып аянтчасына токтотулган.