Кечээ, 30-январда саат 08:10 чамасында Бишкектин Алыкулов көчөсүнөн 1978-жылы туулган К.Г. аттуу жөө жүргүнчүнү белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден белгисиз тарапка качып кеткен. Кырсыктан улам жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
«Бул факты боюнча кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары Мерседец Бенц Спринтер 211 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 1977-жылы туулган Ж.А. аттуу айдоочусу Масалиев жана Шералиев көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган», — деп жазылат маалыматта.
Учурда кылмышка шектүү жаран Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.











