Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

29-августта саат 21:20 чамасында айдоочу белгисиз унаа менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 1976-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү караты 1988-жылы туулган айдоочуну кармашып, Тергөө кызматына өткөрүп беришти.