Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен кырсык. Анда режиссер Михаил Дудников каза болду

Кечээ, 29-июнда Бишкекте өлүм менен аяктаган жол кырсыгы катталган. Патрулдук милициянын маалыматы боюнча жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн Hyundai Santa Fe унаасынын 30 жаштагы айдоочусу 75 жаштагы эркек кишини сүзүп кеткен. Кары киши алган жаракаттарынан мүрт кеткен.

Соцтармакта каза болгон адамдын кинорежиссер Михаил Дудников экендиги маалымдалды. Ал кезинде «Взлет Калии Токтогуловой, «Урок на завтра», «Пришелец», «Кому сеять завтра?», «Экскурсия» тасмалары менен элге таанылган.

Сүрөттө Михаил Дудников микрофон кармап турат.