Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен кырсык. Мүрт кеткен жаран 75 жашта болгон

Кечээ, 29-июнда Бишкектин Жибек Жолу жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде өлүм менен аяктаган жол кырсыгы катталды.

Патрулдук милициянын маалыматы боюнча жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн Hyundai Santa Fe унаасынын 30 жаштагы айдоочусу 75 жаштагы эркек кишини сүзүп кеткен. Кары киши алган жаракаттарынан мүрт кеткен.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.