24-сентябрь күнү милицияга аял арызы менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Ак-Кула көчөсүндө жайгашкан үйүндө жолдошу оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тынчтык бербей жатканын билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган маалымат тергөө кызматында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган жаранды аныктап, Ленин РИИБге жеткиришкен. Укук бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык протокол түзүлүп, Ленин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram