10-март күнү саат 20:35 чамасында «102» кызматына белгисиз жүк ташуучу унаанын айдоочусу 2006-жылы туулган А.Б.К. аттуу жаранга карата зордуктоо кылмышын жасаган деген маалымат түшкөн. Ал жаранды Васильевский тракт — айланма жол аймагына таштап кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан маалымдашты.
Бул маалымат боюнча Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын 1-ротасынын 5-взводунун кызматкерлери дароо окуя болгон жерге чыгышкан. Барган учурда маалымат тастыкталып, ошол маалда жүк ташуучу унаа окуя болгон жерден качууга аракет кылган. МККБ кызматкерлери тарабынан унааны токтотуу максатында куугунтук уюштурулуп, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына карабастан айдоочу токтобой качууну уланткан. Куугунтук учурунда айдоочу Алматы көчөсүнө чыкканда бир нече жолу кызыл жарыкка өтүп, жол кыймылынын башка катышуучуларына олуттуу коркунуч жараткан. Ошондой эле ал каршы тилкеге чыгып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган. Жыйынтыгында унаа Муса Жалил — Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде токтотулуп, айдоочу кармалган.










