Бишкекте «камакка алынасың» деп коркутуп, 150 миң сом талап кылууга шектелген жалган милиция кызматкери кармалды

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкектин «Чыгыш 5» кичирайонунан жалган милиция кызматкерин кармашты. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.
Кармоо Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен каралган акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат. Жалган милиция кызматкери алдамчылык жолу менен, өзүн укук коргоо органдарынын кызматкери катарында тааныштырып, Бишкек шаарынын тургунун камакка алынасың деп эч кандай күнөөсу жок болсо да коркутуп, 150 миң сом акча опузалап талап кылган жана ал жаран ИИМге кайрылганга чейин андан 130 миң сом алгандыгы аныкталган.

Кечээ, 2-майда Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарынын прокуратурасы менен биргеликте 15 миң сом акча каражаттарын алып жаткан учурда жаран колго түшүрүлдү. Учурда ал Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.