Чүй облустук милициясы камакка алынган шектүү качып кеткенин билдирди.
Маалыматка караганда, 1989-жылы туулган Замирбек уулу Амалбек 24-майга караган түнү Бишкек ШИИБдин имаратынын жанынан качып кеткен. Ал 23-майда саат 19:30 чамасында бирөөнүн жерин өз алдынча ээлеп алуу, айыл чарба багытындагы жерге өз алдынча курулуш курууга шектелип кармалган.
Учурда милиция кармоо жана издөө иштерин жүргүзүп жатат. Стационардык посттордо милиция күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Качкан шектүүнүн бою 175-180 сантиметр, арык, чачы кара, кыска, көзү күрөң. Кара түстөгү кепка, кара спорттук кийим, жынсы, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.












