Бишкекте кампа өрттөндү (сүрөт)

Бишкектеги Жаш Гвардия бульварында жайгашкан кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:04тө 5 бөлүм, штаб жана ыкчам топ тартылган. «Өрт саат 15:32де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө»,- деп айтылат маалыматта.