«Алдын ала маалымат боюнча Биринчи Май районуна караштуу Көлмө конушунун Жаз көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, ККББдан ыкчам топ тартылды. Өрт саат 08:08 чектөөгө алынып, учурда өрттү толук өчүрүү иш чаралары уланууда. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.












