Бишкекте катталган массалык мушташтын видеосу тарады. Милиция аларды издеп жатат

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги «Технопарктын» жанында болгон массалык мушташтын видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Октябрь РИИБден факты катталганын, териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти. Учурда милиция мушташка катышкан жарандарды издеп жатат.