Бишкекте ири өлчөмдөгү акча каражатын уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылып, өткөн жылдын 15-февралына караган түнү белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Ч. Валиханов көчөсүндө жайгашкан компаниянын кеңсесинин биринин темир торлорун бузуп, терезени ачып кирип, коопсуздук кутусунан (сейф) 23 миң доллар, 460 миң рубль, 500 миң теңге жана 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кеткенин билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.








