Бишкекте кичи автобус катышкан дагы бир жол кырсыгы катталып, анда 3 адам жаракат алды

Бишкектеги Үсөнбаев көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинин кесиллишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучулары жазып чыгышты.

Милициянын кайгуул кызматы маалыматты тастыктап, кырсык бүгүн саат 12:00 чамасында болгонун, анда кичи автобус менен Хонда Фит унаалары сүзүшкөнүн билдиришти. «Ал жерде Тез жардам кызматы иш алып барды. Үч адам жеңил жараат алышты. Эки унаа тең айып короосуна киргизилди», — дешти.