Бишкекте опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
10-январда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, белгисиз адамдарга мыйзамдуу түрдө чара көрүүнү суранган. 9-январда Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде, өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары таныштырып, эч себепсиз акча талап кылышкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2003-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.