Кечээ, 30-декабрда социалдык тармактарда көчөдө аялын сабаган эркек кишинин видеосу тараган. Окуя боюнча Ленин РИИБден маалымат беришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ болжол менен 14:00 чамасында Лев Толстой көчөсүндө болгон. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Жерине барган милиция 1998-жылы туулган жаранды кармаган. Ага майда бейбаштык боюнча протокол толтурулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram