Бишкекте коляскада отурган жаранды каналга түртүп жиберген. Ал көз жумду

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 23-мартта «102» кызматына №4 ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жарандын кабыргалары сынганы, ал ооруканада көз жумганы айтылган. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.