Бишкектин Октябрь районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирдин ичинен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-май күнү саат 09:53тө ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары 6-кичи районунда жайгашкан батирлердин биринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 1971-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.