Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө автошаты жетпей жатабы? ӨКМ маалыматты четке какты

Бүгүн, 24-январда Бишкектин Кулатов жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде турак үй өрттөнүп жатканын күбөлөр кабарлашкан. Алар ошондой эле чатырдагы өрттү өчүрүүгө ӨКМдин автошатысы жетпей жатканын айтышкан.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ӨКМ менен байланышканыбызда бул туура эмес маалымат экенин айтышты. «Автошатынын 2 түрү болот. Суу түтүкчөлөрүн жеткирүү үчүн автошаты ал 9-10-кабатка эле өлчөнгөн. Видеодогу бул дагы автошаты, бирок бул өзү суу чачат. Бул жетет», — дешти.