Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болгон. Ленин РИИБден маалымат беришип, бөбөктөрдүн 2021 жана 2023-жылы туулган балдар экенин билдиришти.
- 16-март күнү саат 16:24 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан эки бала кулап кеткени тууралуу түшкөн. Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган.
«2021 жана 2023-жылы туулган балдар оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болушкан. Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда», — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 16-мартта 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз жумган.