Бишкекте кудуктан эркек кишинин сөөгү табылды

Бишкектин Биринчи Май районунун Садыгалиев дарегинде жайгашкан турак үйдүн жанындагы кудуктун ичинде 30-35 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Жерине ӨКМдин Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, сөөктү кудуктан чыгарышкан.