Бишкекте курьерден баңгизат табылып, 4 түнкү клуб текшерилди (видео)

Баңгизаттарды таратуучу тармакка бөгөт коюлуп, синтетикалык жол менен чыгарылган ири партия кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

10-февралга караган түнү УКМК тарабынан баңгизаттарды таратуу фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө синтетикалык наркотикалык заттын ири партиясын сатууга аракет кылуу учурунда Кыргыз Республикасынын жараны кармалып, андан жалпы салмагы 1 килограмм 110 граммды түзгөн 6,5 миллион сомго жакын «мефедрон» заты алынган. Ал курьер болуп саналат жана аталган затты түнкү клубдун кардарларына жеткирип турган.

Мындан улам, ошол эле түнү жаштар арасында баңгизаттарды таратуу тармагын уюштурууга байланыштуу ички иштер органдары менен биргеликте Бишкек шаарындагы “Хилс”, “Молекула”, “Кипишь”, “Хайв бар” аталышындагы 4 түнкү клубда тергөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, айрым клубдардан белгисиз жыты бар бир нече таңгактар табылып, аларга экспертиза дайындалган.

Тергөө иш-чараларын жана түшүндүрүү-профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн жогоруда аталган мекемелердин администраторлору, ошондой эле тейлөө кызматкерлери УКМКга жеткирилген. Ал эми жогоруда аты аталган жаран Жазык-процесстик кодексинин 97-беренесине ылайык, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.