Бишкекте куткаруучулар жуунуучу бөлмөдө жыгылып, тура албай калган карыяга жердам көрсөтүштү

Бишкекте куткаруучулар улгайган адамга жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Октябрь районундагы Саманчин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирлердин жуунуучу бөлмөсүндө 60 жаштагы эркек киши жыгылып, өз алдынча тура албай калган. Куткаруучулар улгайган жаранды тургузуп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Эшик ачууга 4 куткаруучусу тартылган.