ИИМдин кызматкерлери Юстиция министрлигине караштуу түзөтүү мекемелеринин бирине ири өлчөмдөгү баңги затын өткөрүп берүүгө аракет кылган жаран тууралуу маалымат алган. Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ала-Тоо конушунда 1990-жылы туулган К.У. аттуу жаран кармалып, анын жанынан өзгөчө жыты бар жашыл скотч менен оролгон эки брикет табылган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда ушундай эле дагы 10 брикет табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталып, жалпы салмагы 5,738 килграммды түздү. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында аталган кылмышка тиешеси бар адамдар «ууру-общак» деп аталган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болуп, жаза мөөнөтүн №8 мекемесинде өтөп жаткандыгы аныкталды. 1997-жылы туулган Д.У. криминалдык чөйрөдө «положенец зоны» катары белгилүү болгон. Ал эми 1993-жылы туулган М.Н. түзөтүү мекемелеринде баңги заттарды сатууга жооптуу жана «смотрящий за отравой» статусу бар, баңгизаттарды түзөтүү мекемелерине кирүүгө жооптуу экендиги аныкталган.
Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бардык тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...
Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....
Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....
14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...