Бул факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. 16-февралда жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен опузалап жаткан жарандар кармалган. Кармалган шектүүлөрдөн мурда белгиленген 25 миң сом акча каражаты табылып алынган. Алар мурда оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Нарын облусунда 1991-жылы туулган жана Жалал-Абад облусунда 1993-жылы туулган тургундар экендиги аныкталды. Учурда аталган кылмыш иш боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абадда 32 жаштагы келин каза болгон. Жакындары акыйкаттык издеп жатат
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда каза болгон 32 жаштагы келиндин жакындары акыйкаттык издеп, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты. СЕРЕП МЕДИА маалымат...








