Бишкекте эки чет элдик жаран эки кыргызстандыкты бычакташкан. Шектүүлөр кармалып, СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучулар милицияга 25-ноябрда «Рухий Мурас-1» конушунда чет элдиктер кол салып, бычактап кетишкенин айтышкан.
Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен катталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган М.С. жана 2006-жылы туулган С.А. кармалып, СИЗО-1ге киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.










vgncfw