Бишкекте кыз зордуктоого аракет кылган шектүү үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташты.
«13-июлда Бишкек шаардык сотунда шектүүнүн бөгөт чарасы каралды. Соттук коллегия иштин жагдайларын, айыпталуучунун инсандыгын эске алуу менен айыпталуучуга карата колдонулган баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү«,- дешти.
Милицияга 27 жаштагы кыз кайрылып, аны зордуктоого аракет кылган шектүүгө карата чара көрүүнү суранган. Шектүү катары 22-июнда кармалып, 22-июлга чейин камакта калтырылган.