Бишкекте кыз зордуктоого шектелген жигит УКМКнын кызматкериби? УКМКнын жообу
Мындан эки күн мурда, 11-ноябрда Бишкекте кыз зордуктоого кабылганын айтып чыккан. Маалыматка караганда, окуя 23-ноябрда болгон. Кыз бейтааныш жигит анын колун байлап, сабап, зордуктап салганын жазган. Милиция бул окуя боюнча комментарий берип, кылмышка шектелген 21 жаштагы жаран камакка алынганын" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-kyz-zorduktalganyn-aityp-chykty-milicziya-shektyy-karmalganyn-bildirdi/">алынганын билдирген.
Соцтармактын колдонуучулары шектүүнүн УКМКнын штаттан тышкаркы кызматкери экенин жазып чыгышкан эле. УКМК бул боюнча үн катып, шектүүнүн атайын кызматка тиешеси жок экенин жарыялады. "Мыйзамсыз иш-аракети үчүн кармалган жарандын атайын кызмат менен эч кандай байланышы жок", - деп айтылат маалыматта.