Бишкек милиция кызматкерлери сойкулукка үндөгөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Бул тууралуу маалымат ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө түшкөн. Анда Жунусалиев көчөсүндөгү сауналардын биринде аял көптөн бери сойкулук үчүн жай уюштуруп, тейлеп жүргөнү айтылган. Акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга телефон чалып, кардарлардан алган төлөмдүн 30 пайызын алардан алган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө) негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү 1975-жылы туулган аял акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланып, башка шериктери такталып жатат.