Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан шектүү аял кармалды

Бишкекте кыздарды сойкулукка тарткан шектүү аял кармалды
Бишкекте сойкулук уюштурган шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 11-декабарь күнү саат 3:00 чамасында Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Түгөлбай-Ата көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Чакыруу болгон жерге Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда, кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Күбөлөрдүн айтымында, аял кыздарды сойкулукка тартып, шарт түзүп берип жүргөн. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган шектүү аныкталып, кармалды. Тергөө иштери улантылып жатат.