Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүүчү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.
25-февралда Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкелери тарабынан «Притон-Көпөлөк» аталышындагы профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн кыздар аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Октябрь РИИБдин тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.