Бишкекте опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-декабрда милицияга жаран кайрылып, чала тааныш жигитке чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, жаран кыз кишини интимдик сүрөттөрүңдү таратам деп коркутуп, акча талап кылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
20 миң сом алып жаткан жеринен 1990-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.











