Кечээ, 1-октябрда социалдык тармактарда кызды тепкен жарандын видеосу тараган. Көп өтпөй жарандын кечирим сураган видеосу тарап, ал окуя боюнча түшүндүрмө берүүгө аракет кылган.
«26-сентябрда дос балам үйлөнгөн. Ага чейин тойго барган карындаштарыбыз менен ошентип ойноп жүргөнбүз. Карындашым го деп адашып тийишип өтүп кеткем. Карындашымдан кечирим сурайм. Жалпы кыргыз элимен кечирим сурайм. Азыр өз каалом менен милицияга бара жатам», — деди ал.
Октябрь райондук милициясы маалымат берип, окуя 7-апрель көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде болгонун билдирди. 1995-жылы туулган жаранга карата майда бейбаштык беренеси менен айып тагылган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.











