Бишкектеги сейил бакта кызды сабап, жылаңачтап салышкан. Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.
Шектүү катары 17 жана 18 жаштагы 3 кыз кармалган.
Кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет.