Бишкекте кызды унаасы менен сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды (видео)

Бишкекте жөө жүргүнчү өтүүчү жолдон бараткан кызды сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан маалымдашты.

— Окуя 24-июль күнү Юнусалиев көчөсүндө Бета Сторес соода борборунун маңдайында болгон. Жөө жүргүнчү өткөн жолдон 16 жаштагы кыз өтүп баратканда Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу сүзүп кеткен. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтпөй кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

Иликтөөнүн жыйынтыгында 2003-жылы туулган А. уулу Н. кылмышка шектелип кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.