Бишкекте кызды зордуктоо шектелген Улуттук гвардиянын эки аскери камакта калтырылды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, алардын бөгөт чарасы кечээ, 12-сентябрда каралып, 2 айга камакта калтырылган. Алар 11-ноябрга чейин Бишкек гарнизонунун гауптвахтасында болот.
- Социалдык тармактарда кыз эки жигитти зордуктоого айыптап чыккан. Окуя боюнча Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, факты каттоого алынганын, иш Аскер прокуратурасын өткөрүлгөнүн билдиришкен. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, окуя Сыдыков көчөсүндө 5-сентябрда болгон. Кыз эки жигит тарабынан зордукталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталган. Арыз ээси да, алар да суракка алынган. 11-сентябрда шектүүлөр кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген.