Бишкекте кызга бычак сайган делген жаран кармалды
Бишкекте кызга бычак сайган шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-апрелде шаардын тургунуна белгисиз" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/bishkekte-belgisiz-jaran-kyzga-bychak-saidy/">белгисиз жаран кол салган. Окуя Сухэ-Батор көчөсүндө болгон. Эркек киши кызды бычак менен сайып, качып кеткен.
Жабырлануучу милицияга арыз жазган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1977-жылы туулган Д.Ш. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда бычак табылган. Мындан тышкары, алган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат.
https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/04/1141993.3de0ec041e2859a708e3298f4413c4de.jpg" alt="" width="639" height="564" />