Бишкекте жолдо кызы менен өтүп бараткан кишини айдоочу менен жанындагы адам экөөлөп сабап салган видео тараган.
Октябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. Маалыматка караганда, 23-майда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, Рухий Мурас жаңы конушунда анын денесине залал келтирген жарандарга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.
1996-жылы туулган жаран милицияга жеткирилип, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик протокол түзүлгөн. Сабоо фактысы боюнча баа медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин берилери кошумчаланды.