УКМК үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында Ленин жана Аламүдүн аскер комиссарларын камакка алды. Алар акчалай сыйлык үчүн системалуу негизде аскердик каттоого алуу жана аскердик билеттерин берүү менен алектенишкен. Башкача айтканда жарандардан акча чогултууну жүзөгө ашырышкан. Бул тууралуу 28-декабрда атайын комитеттен кабарлашты.
Жогорудагы аскер кызматкерлери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалып, 2024-жылдын 17-февралына чейин Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына жайгаштырылды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.
Кошумчалай кетсек, 12-декабрында Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн аскер кызматкерлеринин бирин Бишкек шаарынын райондук комиссариатына которуу үчүн пара алып жаткан жеринен Коргоо министринин жардамчысы кармалды эле.
Посмотреть эту публикацию в Instagram