Бишкекте маршруткада телефон уурдоого шектелген аял 1 айга камакка алынды

Коомдук транспортто уурулук кылууга шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Милицияга жаран кайрылып, анын уюлдук телефонун уурдаган жаранга чара көрүүнү суранган. Келтирилген чыгым 13 миң сомду түзгөн.

Аталган факты Ленин РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган аял кармалган. Ал соттун чечими менен 1 айга камакка алынган.