Abank
SerepTV Logo

Бишкекте маршруттук таксиде жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар дагы бир нече кылмышка шектелип жатат

Бишкекте маршруттук таксиде жүргүнчүлөргө отвертка менен кол салгандар дагы бир нече кылмышка шектелип жатат
Шаардык милиция каракчылыкка шектелген жарандарды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 12-августта интернетте коомдук транспорттун салонунда белгисиз буюм менен куралданган бейтааныш адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган. Мындан тышкары, 10-августта жаран бейтааныш адамдарга чара көрүү арыз менен кайрылган. Арызында көрсөтүлгөн күнү саат 08:20 чамасында Киев көчөсү менен коомдук транспортто бара жатып, капчыгын уурдоого аракет кылганын, капчыкты ала албай калган соң, баласына жаракат келтиргенин билдирген. 10-августта жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган, арызында 8-августта маршруттук таксинин салонунда бара жатып, Redmi 7 маркасындагы уюлдук телефонун уурдатып жибергенин байкап, кайтарууга аракет кылганда, белгисиз адамдар каршылык көрсөтүп, белгисиз буюм менен согуп-урууга аракет кылышкан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган фактылар боюнча райондук бөлүмдөрүнүн тергөө кызматтары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иштери козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери дароо кылмышкерлердин изине түшүп, аларды кармап, тергөө кызматына жеткиришкен. Алар 1994-жылы туулган К.Ж, 2005-жылы туулган А.Р., 2006-жылы туулган М.Д., 2005-жылы туулган О.И, 2001-жылы туулган Ж.К., жана 1998-жылы туулган Ч.М. аттуу жарандар экени аныкталган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми шектүү 2006-жылы туулган жаранды камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 түзөтүү колониясына тандалган. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөрдүн жашаган жеринен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 6 даана ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор табылган.
data-instgrm-version="14">
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

target="_blank" rel="noopener noreferrer">Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)

Ташкент шаарында эки аял менен жашаган эркек биринчи жубайын өлтүрүүгө киллер жалдаган

14:12 05.05.2026

Бишкек-Ош унаа жолунда чоң көлөмдүү таш көчкү түштү

09:03 05.05.2026

Касансай дарыясынын суусу көтөрүлүп, Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолу жабылды

09:44 04.05.2026

Өзгөчө кырдаалдар министри сел жүргөн Баткенге барып, жеринде түзүлгөн кырдаал менен таанышты

02:38 04.05.2026

Индонезияда сейрек кездешүүчү кубулушту - күн желесиндей булуттарды тартып алышты

14:47 05.05.2026

Минкаб башчысы Ош, Жалал-Абад жана Баткенде сел жүрүшүнө байланыштуу кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү

10:03 04.05.2026

Ысык-Көл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкеринин эмгек акысынын эсептелиши боюнча түшүндүрмө

17:09 06.05.2026

Тоо жакка эс алууга чыксаңыз, эске алыңыз: 7-12-май күндөр аралыгында сел жүрүшү мүмкүн

16:46 06.05.2026

Садыр Жапаров Кадамжай районундагы “Торговый” базарына барды

16:34 06.05.2026