Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу бакты сүзүп, мүрт кетти

Бүгүн, 24-мартта саат 7:30 чамасында Бишкектин 7-апрель көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн өткөндөн кийин маршруттук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Айдоочу унааны башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматыан билдиришти.

Айдоочу окуя болгон жерден каза болгон. Кырсык болгон учурда коомдук транспортто айдоочудан башка адам болгон эмес. Азыркы учурда кырсык катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.