Ленин районунда майда бейбаштыкка шектелген жаштар кармалды. Бул тууралуу 18-ноябрда РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 17-ноябрда саат 23:44тө болгон. Милицияга топтук мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери К.Н. (2007-ж.), Б.У. (2007-ж.), Б.И. (2005-ж.), А.У. (2006-ж.), Т.Н. (2006-ж.), Н.И. (2008-ж.), А.К. (2007-ж.) жана И.А. (2006-ж.) аттуу жарандарды кармашкан. Ал эми 19 жаштагы Т.Н., И.А., А.У. жана 18 жаштагы А.К.га 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.












