Abank july
SerepTV Logo

Бишкекте мечиттеги садага кутусунан акча уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте мечиттеги садага кутусунан акча уурдаган шектүү кармалды
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 9-январда милицияга жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан мечиттеринин биринен садага кутусунан акча уурдап кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1990-жылы туулган жаран аныкталып, кармалды.