ИИМдин Кылмыштуулукту, укук бузууларды болтурбоо, аларды алдын алуу боюнча эки айлык иш-мерчеминин алкагында, Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери адеп-ахлактын баалуулуктарын сактоого, коомчулукта жат көрүнүштөрдү алдын алууга багытталган “Түнкү көпөлөк” аталышындагы иш-чараларын жүргүзүүдө.
Иш-чарада болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканаларды, сойкулук менен алектенген кыздарды аныктоо үчүн шаардын аймактарында мончолорду, ижарага берилүүчү батирлерди, мейманканаларды текшеришти.
«20 күндүк иш-чаранын жыйынтыгында, жалпысынан 170 ар кандай жайлар текшерилип, сойкулук менен алектенген 228 кыздар аныкталып, Укук бузуулар кодексинин 1092-беренесине (сойкулук менен алектенүү) ылайык 7 административдик протоколдор түзүлгөн жана мейманкана атын жамынган 1 сойкукана аныкталып, аны иштеткен жарандар кармалды. Аларга карата кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө 151 ар кандай кылмыштардын бети ачышкан, дайынсыз жоголгондор, издөөдө жүргөндөр аныкталган жана 3 наркоткалык кылмыштардын бети ачылды», — деп айтылат маалыматта.