Социалдык тармактарда өспүрүмдөр мушташкан видео тараган. Милиция маалымат берип, мушташка Бишкектин Ленин районунда жайгашкан 3 мектептин 6-7-классынын окуучулары катышканын билдирди.
Милиция бөлүмүнө 11 адам жеткирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында, окуя 13-сентябрда Ак-Орго жаңы конушунда болгондугу аныкталды. «Free Fire» оюнунан кийин чыккан уруш мушташка айланган. Жабыркагандар жок.
Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча топтолгон материалдар өспүрүмдөр иши боюнча комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











